Нарындан Ак-Талаа району - футбол Чемпиону!
Нарын облусунун атынан футбол боюнча Ак-Талаа районунун командасы мелдешке жолдомо алды.
15-16-апрель кундору «Кыргыз Республикасынын Мектеп Лигасы» долбоорунун мектеп окуучулар арасындагы футбол оюну боюнча Нарын облустук этабы аяктады. Футболдун жыйынтыгы томондогудой болду: 3-орун: Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы гимназия-орто мектебинин «Лидер» командасы; 2-орун: Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин «Ала-Тоо» командасы; 1-орун: Ак-Талаа районунун Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин «Ак-Талаа» командасы. Нарын облусунун атынан футбол боюнча окуучулар арасынан Ак-Талаа районунун командасы «Кыргыз Республикасынын Мектеп Лигасы» долбоорунун финалдык этаптарына жолдомо алды.
Кадыркулова Ширин Мурсакуловна
Просмотров: 241 |
19.04.22 в 07:04