Бапа-Барскоон республикалык оюндарда!
«Кубок өз ээсин күтүп жатат окшойт»,-деп биздин оюнчубуз областтык этаптын алдында айткан эле. Эмесе ал сөзү да тастыкталды.
Бүгүн 16-апрелде Ысык-Кол обласынын областтык оюну Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Бапа-Барскоон командасынын 18 футболисти мыкты оюн көргөзүштү. «Аракет кылсаң-берекет» дегендей, канчадан бери даярдык көрүп келе жаткан балдардын эмгеги куру кеткен жок. Жыйынтыгында Барскоон командасы I орунду ээлеп, республикалык этапка ийгиликтүү өттү. Эми оюнга кененирээк токтолсок. Бапа-Барскоон «Б» группасында: Чолпон Ата 2:3 Бапа-Барскоон , Тоң 2:3 Бапа-Барскоон эсебинде ойноп, финалга чыгышты. Финалда «А» группасынын жарым финалисти менен беттешти. Натыйжада Каракол 0:3 Бапа-Барскоон эсебинде жеңишке ээ болушту. Финалда Бакишов Бекзат, Касмакунов Элдияр, Токтогазиев Али гол жаратышып, өз командасын жеңишке алып келишти. Оюн кырсыксыз өткөн жок. Финалдын 2-таймында Касмалиев Нурболот бутун жабыркатып алды. Сөзсүз түрдө тез айыгып кетишине тилектешпиз. Алдыда эми республикалык оюндар күтүп турат. Бардык командаларга терең сый-урматыбызды билдиребиз, бирок жогорку этапка эң күчтүүчү өтүшү кажет. Барскоон командасынын оюнчулары, сиздерди дагы да ийгилик жаратат деп ишенебиз. Республикадан мыкты оюн көргөзүшүңөргө тилектешпиз! P.S. команданын жаңылыктарын кененирээк @kendirbaev_football инстаграм баракчасынан таба аласыз.
Токтомушева Гулкайыр Мирлановна
Просмотров: 234 |
16.04.22 в 18:19