Э.Кендирбаев мектеби райондук этапка аттанууда.


20-ноябрь күнү Жети-Өгүз району беш аймактык топко бөлүүнү менен футбол турнири болуп өттү, ушуну менен мектеп лигасынын футбол боюнча 1-этабы старт алды. Оюнда Э.Кендирбаев мектебинин (Барскоон айылы) футбол командасы жеңишке жетишти.

Аймактык этап Тамга айылында болуп, айлампа систамасы боюнча өтүп, Э.Кендирбаев мектеби 4 команда менен беттешти:
1. Э.Кендирбаев 9:0 Тосор; 
2. Э.Кендирбаев 8:0 Кичи-Жаргылчак; 
3. Э.Кендирбаев 1:0 Ак-Терек;
4. Э.Кендирбаев 4:2 Тамга мектептери менен ойноп утушка ээ болушту. 
Акыркы оюнда Касымалиев Нурболот (10’, 39’), Токтогазиев Али (25’), Садыков Канат (32’) гол киргизүүлөрү менен айырмаланышты. 
Ушуну менен Э.Кендирбаев мектеби 2-райондук этапта өз аймагынын атынан ойноого жолдомо алышты. 

Токтомушева Гулкайыр Мирлановна Просмотров: 240 | 21.03.22 в 10:52