Бапа-Барскоон командасы областтык этапта!
Жети-Өгүз районунда Мектеп лигасынын футбол боюнча 2-этабы 28-февраль күнү Кызыл-Суу айылында болуп өттү. Э.Кендирбаев I орунга ээ болду.
Э.Кендирбаев мектеби буга чейин 1-этапта I орунга ээ болуп, кийинки баскычка өтүшкөн. Райондук оюнда Э.Кендирбаев командасы төмөндөгүдөй жыйынтыктарды көрсөттү: 1. Э.Кендирбаев 4:0 Чабалдаев(Саруу) 2. Э.Кендирбаев 2:1 К.Эсенгожоев(Ичке-Булуң) 3. Э.Кендирбаев 1:1 Абрахманов(Кызыл-Суу) 4. Э.Кендирбаев 3:0 Талып Акун(Чырак) Талып Акун мектеби менен болгон оюнда Касымалиев Нурболот (12’), Дастан уулу Астан (28’) жана Садыков Канат (36’) гол жаратып, өз командасына жеңиш алып келишти. Азыркы учурда Бапа-Барскоон командасы 16-17-апрелде Чолпон-Ата шаарында боло турчу областтык оюндарга даярдык көрүшүүдө. Биздин оюнчулар областтан мыкты оюн көрсөтөөрүнө ишенебиз!
Токтомушева Гулкайыр Мирлановна
Просмотров: 657 |
05.04.22 в 15:28