Көптөн күткөн республикалык оюндар башталмакчы.
31-майдан 3-июнга чейин борбор шаарыбыз Бишкекте Мектеп лигасынын финалдык этабы өткөнү турат.
Окуу жылынын башталышынан бери кызуу талкууну жаратып келе жаткан лига да өзүнүн чечүүнү мезгилине жакындап калды. Канчадан бери даярданып келе жаткан балдар, кыздардын максатынын аткарылышына саналуу гана күндөр калды. Финалдык оюндарда өлкөбүздүн жети дубанынан келген футбол, баскетбол жана волейбол боюнча өз облустунун мыкты командалары оюн көргөзүшөт. Барскоон айылынын Э.Кендирбаев мектебинен чыккан «Бапа Барскоон» футбол командасы Ысык-Көл облусунун атынан катышмакчы. Буга чейин команда район жана облустук этаптардан ийгиликтүү өтүп, бул чоң ишенимге татыктуу болду. Команда: оюнчулар, тренелер бул жоопкерчиликти түшүнүп кызуу даярдык көрүшүүдө. Бапа Барскоон бир гана өз кызыкчылыгы үчүн эмес, Ысык-Көл облусунун атынан ойноосу биз үчүн чоң сыймык. Буюрса алдыдагы оюндар кызыктуу жана жемиштүү болот. Сизди да оюнга күйөрман болуп кетүүгө чакырабыз!
Токтомушева Гулкайыр Мирлановна
Просмотров: 340 |
29.05.22 в 15:30